Бардык беренелер /

Кызмат кантип иштейт

Издөө формасы

  1. Каяктан жана каякка учууну каалаганыңызды көрсөтүңүз. 
  2. Учуп кетүү жана кайтып келүү күнүн тандаңыз — «Качан» же «Кайтуу» терезесин басканыңызда календарь ачылат.
  3. Эгер бир тарапка гана учуп жатсаңыз, «Кайтуу билетинин кереги жок» баскычын басыңыз.
  4. Оң жактагы талаага чоңдордун, 2 жаштан 12 жашка чейинки балдардын жана 2 жашка чейинки ымыркайлардын санын көрсөтүңүз. Ошол эле жерден тейлөө классын тандай аласыз — эконом, комфорт, бизнес же биринчи класс. Сатып алуунун алдында бала канча жаштан баштап чоң адам деп эсептелинерин өзүңүздүн ташуучудан текшертиңиз, айрымдары үчүн бул жаш — 16 жаштан жогору.
  5. Эгер учуп келген шаардан мейманкана караштырып жатсаңыз, анда «Жаңы баракчада Booking.com ачуу» деген жазуусу бар терезеге белги коюңуз. 6. Баарын аткардыңызбы? Чоң кызгылт сары түстөгү «Билеттерди табуу» баскычын басыңыз.

Издөөнүн алдында өлкөнү жана валютаны көрсөтүңүз, ал үчүн оң жакта жогорку бурчтагы глобус белгисин басыңыз. Эгер билетти тиркемеден издеп жатсаңыз, анда өлкөнү жана валютаны аймактык жөндөөлөрдөн тандасаңыз болот. Мындайча биз издөө натыйжаларында эң ылайыктуу билеттерди жана өнөктөштөрдү көрсөтөбүз.

Качан гана учуп кетип жаткан шаарды жана келе турган датаны толтурганыңызда тиркемеде издөө башталат.

Издөө натыйжалары

«Билеттерди табуу» баскычын басып, бардык жеткиликтүү каттамдарды көрүү үчүн издөө аяктаганга чейин күтө туруңуз.

Издөө натыйжалары — бул агенттиктерден жана авиакомпаниялардан баалары, учуп кетүү/учуп келүү датасы жана убактысы, аэропорттор, которуулардын саны жана учуунун узактыгы, кол жүгүнү/багаждын болушу же жоктугу менен учуулардын варианттары.

Сайтта жана тиркемеде эгер болсо түз каттамдарды көрсөтөбүз, учуулардын башка варианттарын дагы. Алардын арасынан салыштырып, эң арзанын, тез жана ыңгайлууларын тандаңыз.

Aviasales учуулардын өзгөчөлүктөрүн дароо аныктайт жана белгилейт. Анда атайын белгилер жана блоктор багыт алууга жардам берет:

  • белгилер: кум сааттар (узак которуу), жарым ай (түнкү которуу), бири-бирин кубалаган жебелер, (аэропорттун алмашуусу), же чуркап бараткан адам (кыска которуу);
  • бейджиктер: түз, эң арзан же эң ыңгайлуу каттамдар;
  • «Түз каттамдар» блогу: натыйжадагы түз каттамдардын тизмеси: эгерде бир нече авиакомпания тандалган багыт боюнча которуусуз учса.

Тариф, жүк жана маршруттун чоо-жайын көрүү үчүн билетти басыңыз. Каттамдын номерин жана учуулардын статистикасын «Толугураак» баскычы боюнча текшерсе болот — өнөктөш бизге жөнөткөн бардык маалыматты көрсөтөбүз.

Баалардын таблицасы жана графиги

Жакынкы күндөрдүн баасын салыштыруу үчүн графикти же коңшу айлар үчүн таблицаны колдонуңуз. Аларда биз акыркы жума ичинде сиздин багыт боюнча башка колдонуучулар тарабынан табылган минималдуу бааларды көрсөтөбүз. Көздөгөн багыт канчалык популярдуу болсо, графикте жана таблицада баа ошончолук көп болот.

Чыпкалар

Чыпкалардын жардамы менен натыйжаны өзүңүзгө ыңгайлаштырыңыз. Которуулардын керектүү санын, учуп кетүү жана учуп келүү убактысын, жүктүн, которуулардын узактыгын, аэропортторду жана башка параметрлерди тандаңыз. Aviasales сайтында чыпкалар билетти чыгаруунун сол жагында, ал эми тиркемеде — билетти чыгаруунун үстүндө жайгашкан.

Жыйынтыгын ар кандай параметрлер боюнча иреттеңиз: сунушталган же адегенде арзан билеттер, учуп кетүү убактысы, популярдуулугу жана башкалар боюнча. Сайтта «Сорттоо» сол жактагы чыпкалардын астында, ал эми тиркемеде билетти чыгаруунун үстүндө: эң ылайыктуу варианттарды тандаңыз, эгер сиз башкасын алгыңыз келсе, чыпкаларды жана сорттоону ар дайым баштапкы абалга келтире аласыз.

Пайдалуу кеңештер

  • Эки тарапка тең билеттерди сатып алуу өз-өзүнчө сатып алганга караганда пайдалуураак.
  • Календарда эң арзан билеттер менен даталар жашыл түстө белгиленген.
  • Көпчүлүк ташуучулар 2 жашка чейинки балдар үчүн өзүнчө орун жок билеттерге чоң арзандатуу беришет. Мында ымыркай чоң адамдын колунда учуп барат дегенди билдирет. Мындан тышкары, авиакомпаниялардын дагы бир эрежеси бар — бир чоң киши менен бир гана ымыркай орунсуз уча алат. Эгерде чоңдордон бирөө, ал эми ымыркайдан экөө болсо — ымыркайлардын бирине өзүнчө орун менен балдар үчүн билет сатып алууга туура келет.
  • Сиз шаарды гана эмес, келгенге конкреттүү аэропорт да тандай аласыз. Бул үчүн шаарды киргизип, керектүү аэропортту көрсөтүңүз.

Билетти сатып алуу

Сатып алуунун алдында билет картасын жакшылап карап чыгыңыз. Адатта анда учуу боюнча маалымат бар: каттамды аткарган авиакомпания, учуп кетүү жана учуп келүү шаарлары, жүктүн болгону. Эгер жүк опциясы жок болсо, анда сатуучу бизге жүксүз тарифти жиберген жана аны кийинчерээк сатуучунун сайтында брондоо учурунда кошсоңуз болот.

Туура келген билетти чыкылдатыңыз да, ар кандай сатуучулардан сунуштарды тандаңыз. Сизге жаккан сунушка кызгылт сары баскычты басыңыз — биз сизди сатуучунун сайтына которобуз. Ал жакка жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын, телефон номериңизди жана электрондук почтаңыздын дарегин киргизиңиз.

Бардык маалыматтарды текшериңиз:

  1. Жүргүнчүлөрдүн аты-жөнүн жана паспорттогу маалыматтарды туура көрсөттүңүзбү,  текшериңиз. Сатып алгандан кийин каталарды оңдосоңуз болот, бирок көп учурда бул үчүн кошумча төлөө керек. 
  1. Паспортуңуздун жарактуу мөөнөтү учуп бара жаткан өлкөнүн талаптарына жооп береби, текшериңиз, ошондой эле кирүү эрежелерин дагы бир жолу текшериңиз — виза талаптары өзгөргөн болушу мүмкүн.
  1. Электрондук почтанын дарегин кылдаттык менен кайра окуп чыгыңыз — эгер туура эмес жазсаңыз, билет келбейт, аны алуу үчүн сатуучуга кошумча кайрылуу керек.
  1. Акырында даталарды, шаарларды жана аэропортторду текшериңиз — эмне бар, эмне жок, текшерип койгон оң.

Эми эң акыркы кадам — билет үчүн төлөм жүргүзүңүз. Сатып алгандан кийин сатуучу аны электрондук почтаңызга жөнөтөт.

Макалабыз сизге жардам бердиби?