Бизге жаз
Бардык беренелер /

Мага билет келген жок

Маршруттук дүмүрчөгү (билет) менен катты сатуучу сиз брондоо учурунда көрсөткөн электрондук почтага 3 сааттын ичинде жиберет.

Эгерде электрондук почтада кат жок болсо, өзүңүздүн колдонуучу кутудагы «Спам» папкасын текшериңиз — көпчүлүк учурда жоголуп кеткен каттар дал ошол жакта болушат.

«Спамда» дагы жок

Эгер «Спамда» эч нерсе жок болсо жана сатып алгандан кийин эбак 3 саат өтүп кетсе, балким, почтанын дарегинде ката чыкты. Билетти алуу үчүн башында каттаган сатуучуга байланышыңыз же жазыңыз. Ал билетти туура почтага жөнөтөт.

Билет сатуучу менен кантип байланышса болот
Байланыш маалыматын көрүү үчүн авиакомпаниянын же агенттиктин атын киргизиңиз

Кайсы сатуучу экени эсте жок

  1. Интернет-банкингден операциялар тууралуу маалым катты же төлөм жүргүзүлгөнүн көрсөткөн билдирүүнү текшериңиз — ал жакта сиздин билетти брондогон сатуучунун аты-жөнү бар.
  2. Сатуучунун байланыш номерлерин таап, аны менен байланышыңыз.
  3. Аты-жөнүңүздү, сапардын датасын жана багытын айтыңыз.
  4. Сатуучу сиздин бронду жана маршруттук дүмүрчөктү тапкан соң туура почтага жиберет.
Билет сатуучу менен кантип байланышса болот
Байланыш маалыматын көрүү үчүн авиакомпаниянын же агенттиктин атын киргизиңиз

Эгер сизге жардам керек болсо, бизге жазыңыз, байланыш үчүн маалымат төмөндө «Биз менен байланышуу» бөлүмүндө бар. Билдирүүдө кырдаалды сүрөттөп, билет үчүн төлөм аткарылганын көрсөткөн СМСтин же банктан операция тууралуу маалым каттын скриншотун тиркеңиз. Биз муну чечкенге жардам беребиз.

Макалабыз сизге жардам бердиби?
Биз менен байланышыңыз
Колдоо менен байланышка чыгыш үчүн профилге кириңиз