Төлөмдү кайтаруу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгү тарифтен жана авиакомпаниянын эрежелеринен көз каранды. Айрым учурда акчаны толугу менен кайтарып алса болот же билетти кошумча төлөмсүз алмаштыруу мүмкүн. Кээ бир тарифтердин эрежелери кайтарып берүүгө же кошумча төлөм менен алмаштырууга мүмкүндүк берет, ал эми башкалары буга эч уруксат бербейт.
Эгерде сиздин каттам жокко чыгарылса, сатуучу менен байланышып, төлөмдү кайтарып алуу шарты жөнүндө сураштырыңыз. Эгер билетти авиакомпаниядан сатып алсаңыз — кошумча төлөмсүз, а агенттиктен алган болсоңуз тейлөө акысын алып салуу менен сизге акчаңызды кайтарып беришет же билетиңизди алмаштырууну сунушташат.
Эгер сиз каттамга кечигип калсаңыз
Эгерде сиз чындап эле каттамга жетишпей кала турган болсоңуз, мүмкүн болушунча авиакомпанияга тезирээк чалып, учпай калганыңызды билдириңиз. Бул айрыкча маанилүү, эгер маршрутта транзиттик каттамдар болсо жана ошол эле учурда бир резервация менен маршруттун бардык сегменттери бир билетте болгон учурда. Мындай учурда биринчи каттамга кечигип калып, бул тууралуу ташуучуга эскертпей койсоңуз, сизди келбеди деп бүт маршрутту жокко чыгарып салышат.
Эгерде сиз аба майданында болсоңуз, авиакомпаниянын кызматкерлерине барып, кечигип калганыңызды айтыңыз жана сиздин учурда эмне кылса болорун сураңыз. Айрым ташуучулар бош орун бар болсо кийинки каттам менен учууну сунушташы мүмкүн.
Адатта авиакомпаниялар каттамга жүйөлүү себепсиз кечигүүнү алмаштыруу же кайтаруу үчүн негиз катары эсептешпейт, бирок баары конкреттүү ташуучунун эрежелеринен жана сиздин билеттин тарыхынан көз каранды.
Сиз сыркоолоп калдыңыз жана эми уча албайсыз
Көпчүлүк учурда оору — төлөмдү кайтарууга же алмаштырууга негиз эмес. Эгер тарифтин эрежесинде каралса, учуп кетүү күнүн алмаштырууга же төлөмдү кайтарып алууга болот. Тарифтин сыпаттамасын маршруттук дүмүрчөктөн (билеттен) караңыз, тактоо үчүн сатуучуга кайрылсаңыз болот.
Эгер сизге жардам керек болсо, бизге жазыңыз, байланыш үчүн маалымат төмөндөгү «Биз менен байланышуу» бөлүмүндө бар. Билдирүүгө билетиңизди тиркеп, сурамыңызды жөнөтүңүз. Билетти брондоо учурунда көрсөткөн электрондук почтага төлөм жүргүзгөндөн кийин 3 сааттын ичинде келиши керек.